ЖОГОРКУ КЕҢЕШ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ – КРдин парламенти, мыйзам чыгаруу бийлигинин ж-а өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу функцияларын жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. Партиялык тизме б-ча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат. Курагы 25тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жараны ЖКнын депутаты болуп шайлана алат. ЖК депутаттарын шайлоо тартиби мыйзам м-н аныкталат. ЖК депутаттары ант берген күндөн ыйгарым укуктарга ж-а милдеттерге ээ болушат. ЖК – КРдин мыйзам чыгаруу бийлиги болуп эсептелет. ЖК өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү ж-а толуктоолорду киргизет, мыйзамдарды кабыл алат, респнын бюджетин бекитет, КРдин адм.-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет. Президенттик шайлоону дайындайт, Премьер-министрдин сунушу б-ча Өкмөттүн түзүмүн бекитет, Президенттин сунушу б-ча Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларын шайлайт ж-а кызматынан бошотот, башкы прокурорду дайындоого макулдук берет. ЖК Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт. О. эле эл аралык келишимдерди ратификациялайт ж-а денонсациялайт, өзгөчө абалды киргизет, мунапыс ж-дө актыларды чыгарат. ЖК өз курамынан ЖКнын төрагасын, анын орун басарларын шайлайт. ЖК депутаттарынын ичинен к-ттерди, о. эле убактылуу комиссияларды, алардын курамын түзөт. Мыйзам чыгаруу демилге укугу: 30 миң шайлоочуга (элдик демилгеге), Президентке, ЖКнын депутаттарына ж-а Өкмөткө таандык. ЖКнын сессиясы жыйналыш түрүндө ишке ашырылат ж-а сентябрдын алгачкы жумуш күнүнөн тартып, келерки жылдын июнунун акыркы жумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт. ЖКнын кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же ЖКнын депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу б-ча ЖКнын төрагасы тарабынан чакырылат. ЖКнын жыйналышы ага ЖК депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, ыйгарым укуктуу болот. ЖК, анын иштөө тартиби, ыйгарым укуктары ж. б. КРдин Конституциясынын төртүнчү главасында (54–67-статья) каралган. 1917-жылдын октябрынан 1990-жылга чейин СССР парламенттик респ. катары эсептелип, БАКтын төрагасы эч кандай реалдуу ыйгарым укугу болбосо да, мамлекеттин жетекчиси катары саналган. Иш жүзүндө компартия үстөмдүк жүргүзгөн. БАК Советтердин съездинде шайланган. 1936-ж. СССРдеги конституциялык реформадан кийин Советтердин съезди – Жогорку Совет, съезддин делегаттары – Жогорку Советтин депутаттары, БАК – Жогорку Советтин Президиуму болуп өзгөртүлүп, Жогорку Совет мамл. бийликтин жогорку органы катары өз ишин жылына эки жолу өткөрүлүүчү сессияларда ишке ашырган. Ал эми Жогорку Советтин сессияларынын аралыгындагы мезгилде Жогорку Советтин Президиуму башкарган. Ал Жогорку Совет тарабынан шайланган. Бийликтин ушундай уюштурулган курамы союздук республикаларда ж-а автономиялуу түзүлүштөрдө, а. и. Кырг-нда да иштеген. Кара-Кыргыз АОсунун уюштурулушу м-н обл. аткаруу к-тинин башкаруу органдары түзүлгөн ж-а жетекчилери шайланган. Кыргыз АОсу 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи болуп кайрадан түзүлгөн. Кыргыз АССРинин I уюштуруу съезди 1927-жылдын 7–12-мартында болуп, анын ишине 231 делегат катышкан. Делегаттардын көпчүлүгү компартиянын өкүлдөрүнөн (192 киши) турган, жалпы делегаттардын 116сы дыйкан, 43ү жумушчу, 58и кызматчы, 12си аскер адамдары болгон. Делегаттар Кыргыз АССРинин БАКын ж-а алгачкы мамл. аткаруу бийлиги (Өкмөттү) – Эл Комиссарлар Советин (ЭКС) түзүшкөн. 1936-ж. Советтер Союзунда конституциялык реформа жүргүзүлүп, СССРдин жаңы Конституциясына ылайык Кырг-н автономиялуу респдан союздук респ-га айландырылган. 1938-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоо өткөрүлгөн. Ага шайлоочулардын 98,23%и катышкан. Кырг-ндын респ. бийлик түзүлүшүнүн тарыхында биринчи жолу жашыруун, жалпы, тең ж-а
тике добуш берүү м-н шайлоо жүргүзүлгөн. Кыргыз ССР Жогорку Советине 284 депутат 5 жылдык мөөнөткө шайланган. Респ-нын Жогорку Советине кийинки шайлоолор Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу токтоп калып, 1947- жылдын февраль айында гана өткөрүлгөн. Депутаттар 4 жылга, 1950-жылдан беш жылга шайланган. Кыргыз ССРинин акыркы 1990-ж. шайланган Жогорку Совети «легендарлуу парламент» катары тарыхта калды. Бул Кырг-ндын акыркы сов. парламенти эгемендүү Кыргыз мамлекетинин жаңы Конституциясы б-ча Жогорку Кеңеш аталып, жаңы парламент катары ишин улантып, сессияларда гана эмес, дайыма иштөөчү бир палаталуу өкүлчүлүктүү мамл. жогорку орган болуп калган. Легендарлуу парламенттин депутаттары Мамл. эгемендүүлүк ж-дө (15. 12. 1990) ж-а Мамл. көз каранды эместик ж-дө (31. 8. 1991) декларацияларды, жаңы
Конституцияны (5-май, 1993-жыл) кабыл алышкан, өлкөнүн биринчи президентин шайлашкан, респ-нын жаңы мамл. туусун, мамл. гербин, гимнин бекиткен, ЖКнын атынан кыргыз тилинин мамл. тил статусун мыйзамдаштырган, о. эле экон. эгемендүүлүктүн нукура белгиси улуттук акча – сом киргизилген. 1994-ж. сентябрда легендарлуу ЖК өзүн-өзү таркаткан. 1994-ж. 22-октябрда өткөрүлгөн Бүткүл элдик референдумдун натыйжасында ЖК эки палаталуу өкүлчүлүктүү орган болуп калган. 1995-ж. 5-февралдагы шайлоодо кош палаталуу жаңы парламент түзүлгөн. Б и р и н ч и чакырылышында ЖКнын жогорку палатасы – Мыйзам
чыгаруу жыйынына – 35 депутат ж-а төмөнкү палатасы – Эл өкүлдөр жыйынына – 70 депутат кирген. Кийинчерээк мамл. маанилүү маселелерди кабыл алууда кооптуу жагдайлардын келип чыгуу мүмкүндүгү эске алынып, Мыйзам чыгаруу жыйынында 60ка, Эл өкүлдөр жыйынында депутаттардын санын 45ке жеткирүү каралып, бардыгы 105 депутат болушу белгиленет. Ушул сан тартиби б-ча ЖКнын Э к и нч и чакырылышына шайлоо 2000-жылдын февраль–март айларында болуп өткөн. КРдин Конституциясынын жаңы редакциясында (2003) курамы 75 депутаттан турган бир палаталуу парламент түзүү каралып, ЖКнын Ү ч ү н ч ү
чакырылышынын депутаттары ушул тартипте 2005-ж. февралда шайланган. Бийлик бутактарынын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам 2007-жылдын 21-октябрында КРдин Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү б-ча бүткүл элдик референдум өткөрүлгөн. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык курагы 25тен кем эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жараны өз партиясынын курултайы сунуштаган тизме б-ча ЖКга депутаттыкка талапкерлигин коё алат. ЖКнын Т ө р т ү н ч ү
чакырылышы парт. тизме аркылуу өткөрүлүп
(24. 12. 2007), анда 90 депутат шайланган. Шайлоодо «Ак Жол» элдик партиясы 71 депутаттык орунга, Кырг-н социал-демокр. партиясы 11, Кырг-ндын коммунисттер партиясы 8 орунга ээ болгон. ЖКда 3 депутаттык фракция түзүлүп, 12 тармактык к-т иштеген. 2010-ж. 14- апрелде КРдин Убактылуу өкмөтүнүн атайын декрети м-н ЖКнын төртүнчү чакырылышынын иши токтотулган.
К ы р г ы з п а р л а м е н т и н ж е т е кт е г е н д е р: Кара-Кыргыз (Кыргыз) АО БАК-тын алгачкы төрагасы, кийин Кыргыз АССР БАК, Кыргыз ССР БАКтын төрагасы А. Орозбеков (27. 3. 1925–12. 3. 1927; 12. 3. 1927–5. 12.
1936; 5. 12. 1936–16. 9. 1937), М. И. Ус (16. 9.
1937–37), М. Туганбаева (1937– 4. 10. 37), С. Шамурзин (4. 10. 1937–29. 11. 37), И. Ф. Соколов
(29. 11. 1937–28. 2. 38), М. Салихов (28. 2. 1938–
8. 5. 38);
К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т ин и н П р е з и д и у м у н у н т ө р а г а л а р ы: А. Толубаев (19. 7. 1938–22. 3. 43), М. Токобаев
(22. 3. 1943–14. 11. 45), Т. Кулатов (14. 11. 1945–
25. 8. 78), С. Ибраимов (25. 8. 1978–4. 12. 78),
А. А. Бусс (22. 12. 1978–10. 1. 79), А. Дүйшеев
(10. 1. 1979–14. 1. 81), Т. Х. Кошоев (14. 1. 1981–
8. 8. 87), Т. Акматов (8. 8. 1987–10. 4. 90),
А. Масалиев (10. 4. 1990 – 11. 12. 1990);
К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т ин и н п р е д с е д а т е л д е р и: И. П. Боряк (1938–40), К. Жаналиев (1940–47), А. Сүйөркулов (1947–50), Б. Мамбетов (1950–53), К. Дикамбаев (1953–55), К. Каракеев (1955–58),
А. Казакбаев (1958–59, 1961–63), Т. Усубалиев
(1959–61), А. Токомбаев (1963–64), Б. Мураталиев (1964–71), Б. Жамгырчинов (1971–75),
С. Табышалиев (1975–80), Т. Аскаров (1980–85),
Т. Садыков (1985–90).
К Р Ж К н ы н т ө р а г а л а р ы: КР ЖКнын төрагасы М. Шеримкулов (11. 12. 1990 – 13. 9. 94). Эки палаталуу парламент мезгилиндеги (1995–2005) КР ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынынын төрагалары: А. Матубраимов (28. 3. 1995–
26. 11. 1997), А. Эркебаев (26. 11. 1997– 12. 4.
2000), А. А. Бөрүбаев (18. 4. 2000–24. 3. 2005),
М. О. Мукашев (24–25. 3. 2005). КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагалары: М. Ш. Чолпонбаев (29. 3. 1995–15. 11. 1997), У. Мукамбаев
(15. 11. 1997 – 14. 4. 2000), А. Эркебаев (14. 4.
2000 – 24. 3. 2005), И. Д. Кадырбеков (24 – 25.
2005). Бир палаталуу парламент мезгилиндеги (март 2005) КР ЖКнын төрагалары: Ө. Ч. Текебаев (28. 3. 2005–2. 3. 2006), М. А. Султанов
(2. 3. 2006–23. 10. 2007), А. К. Мадумаров (24. 12.
2007 – 25. 5. 2008), А. С. Тагаев (29. 5. 2008 –
17. 12. 2009), З. К. Курманов (24. 12. 2009 – 14.
2010-ж.). К. Раматов.