ЖОГОРКУ КӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ КӨЛ (Clake Superior) – дүйнөдөгү эң чоң тузсуз көл. Түн. Америкада (түн.-чыгышы


Канадада, батышы ж-а түштүгү АКШда). Улуу көлдөрдүн ириси ж-а тереңи. Аянты 82,4 миң км2, тереңдиги 393 мге чейин. Гурон көлү м-н Сент-Мэрис д. аркылуу туташат. Чанагы тек­тон. кыймылдан пайда болгон. Жээктери декабр­дан апрелге чейин тоңот. Балык кармалат. Не­гизги порттору: Дулут, Сьюпириор, Ашленд, Маркетт (АКШ), Тандер-Бей (Канада). Айл- Ройcл улуттук паркы уюшулган.