ЖОЛИО-КЮРИ 1
ЖОЛИО́-КЮРИ Ирен (12. 9. 1897, Париж – 17. 3. 1956, ошол жер) – француз физиги, коомдук ишмер, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1947). П. Кюринин кызы. Париж ун-тин бүтүргөн (1920),

1934-жылдан Париж ун-тинин физика кафедрасын башкарган. Ж.-К-нин негизги ил. иштери жасалма радиоактивдүүлүктү, о. эле аннигиляция процесстерин изилдеген. Ал серб физиги П. Савич м-н бирге (1939) урандын нейтрон м-н нурдантканда катар номуру 57 болгон элемент – лантанды алган. Ж.-К-нин бул ил. табылгалары ядронун бөлүнүү реакциясын изилдөөдө чоң мааниге ээ болгон. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк кеңешинин мүчөсү. Эл аралык конгресстин (1945), о. эле Тынчтыкты жактоочулардын бүткүл дүйнөлүк 1- (1949) ж-а 2- (1950) конгресстеринин катышуучусу. Нобель сыйл. лауреаты (1935).
Ад.: Шаскольская М. П. Ирен Жолио-Кюри // «Успехи физических наук». 1956, Т. 59. В. 4.