ЖОЛИО-КЮРИ
ЖОЛИО́-КЮРИ Фредерик (19. 3. 1900, Париж – 14. 8. 1958, ошол жер) – француз физиги, коомдук ишмер. СССР ИАнын чет элдик мүчөсү (1949;

корр. мүчө, 1947). 1923-ж. физика ж-а колдонмо химия мектебин бүтүрүп, М. Склодо вск ая-Кюр инин л аборсында иштеген. 1937-ж. Улуттук ил.-из. борборунда атомдук синтез б-ча лаборны башкарган. 1946–50-ж. Францияда атом энергиясы б-ча комиссариатты түзүү ж-а башкаруу ишине жетекчилик кылган. 1956-жылдан Орс ш-ндагы Радий ин-тунун лабор-сын ж-а Ядролук физика ин-тун башкарган. 1928-жылдан Ж.-К. атом ядросунун физикасы б-ча иштеген. 1934-ж. жубайы Ирен Жолио-Кюри м-н бирге радиоактивдүүлүктүн жаңы түрүн – позитрондук радиоактивдүүлүктү ачкан. Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин төрагасы (1950–58). Ж.-К. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы
үчүн» Эл аралык Лениндик сыйл. лауреаты (1951).
Ад.: Фредерик Жолио-Кюри – выдающийся учё- ный, пламенный борец за мир // «Успехи физических наук». 1950. Т. 41, Вып. 3; Шаскольская М. П. Жолио-Кюри. М., 1966.