«ЖОЛОЙ ХАН»
«ЖОЛОЙ ХАН» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Анда уруулук түзүлүш учурундагы уруу башчыларынын кагылышы, кыргыз ханы Жолойдун өз уруусун коргоодогу баатырдыгы ж-дөгү окуя баяндалган. Өткөн кылымдын орто ченинде немис окумуштуусу В. В. Радлов «Манас», «Төштүк», «Жолой хан» эпосторун ж. б. элдик оозеки чыгармаларды Кырг-нга келген үчүнчү саякатында жазып алган (1869). Ал чыгармалар «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» аттуу эмгегинин 5-томуна кирген. «Ж. х.» – композициялык түзүлүшү ж-а сюжеттик курулушу жагынан баатырдык жомоктун мотивиндеги чыгарма. Жомоктук сюжеттерди айтуучу чыг-лык м-н пайдаланып, эпостун мазмунун байыткан. Дастанда байыркы замандагы элдин турмушу чагылдырылып, бара-бара эл арасында эпостук деңгээлге өсүп жеткен. Ал Жолойдун тегерегиндеги хандыктардын үстөмдүгүнө каршы күрөшү, баатырдын үйлөнүшү ж-а мифтик окуялардын сырдуу, сыйкырдуу жагдайда сүрөттөлүшү өңдүү архаикалык мазмундагы сюжеттен башталат. «Ж. х.» эпосу азыркы күндө да ил. жактан такталып, дүйнө элдерине тараган көөнөрбөс мурас катары бааланары шексиз.