ЖОЛ ТАЗАЛООЧУ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ ТАЗАЛООЧУ МАШИ́НА – т. ж-дон кир балластарды, шлакты, карды, муз сыныкта­рын, жолдун ортосундагы ж-а капталдарында­гы ашыкча нерселерди жүктөп тазалагыч. Ал-


гачкы Ж. т. м. 1940-ж-дын башында ишке кир­гизилген. Анын рамасына 2 дисктүү жумшарт­кыч, чогулткуч түзүлүш, чынжыр сузгучтуу эле­ватор, 2 каптал элеватору, узата жайгашкан ж-а бурулма тасма транспортёрлор, тиштүү бөлгүч түзүлүштөр бекитилген. Ж. т. м-га мате­риалды жылдыруу үчүн пластиналуу транспор­тёрлор орнотулган атайын жарым вагондор чиркелет. Ж. т. м. локомотивдин жардамы м-н жылат, жумушчу тетиктери машинага орнотул­ган электр станциясынан кыймылга келет. Өн­дүрүмдүүлүгү 500 м3/с, жумушчу ылдамдыгы 3–5 км/с, ал эми транспорттук ылдамдыгы 80 км/с.