ЖОЛ ТӨШӨГҮЧ
ЖОЛ ТӨШӨГҮЧ – жаңы т. ж. куруу, оңдоо, рельс-шпалдуу решеткаларды орнотуучу ж-а транспорттоочу машиналардын ж-а жабдуулардын комплектиси. Ж. т. 20-к-дын 30-жылдарында колдонула баштаган, т. ж. ж-а каз таман м-н жүрөт. Рельс м-н жүргөн Ж. т. жол орнотуучу крандан, т. ж. платформасынан, бир же бир нече мотордуу платформадан турат. Жол орнотуучу крандын өндүрүмдүүлүгү 1200 м/с, жүк көтөрүмдүүлүгү 4,5–21 т, бир звенону коюу убактысы 1–2 мин. Жаңы жолдорду курууда каз тамандуу трактордук Ж. т-төр колдонулат. Анын асты жагы тракторго, арт жагы порталга таянат. Чет мамлекеттерде рельс м-н жүргөн бир нече жеңил порталдык крандардан турган Ж. т. пайдаланылат.