ЖОМОЛУНГМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОМОЛУНГМА [Ч о м о л у н г м а, Э в е р е с т, С а г а р м а т х а (Непалдагы аты)] – Жер шарындагы эң бийик тоо массиви, чоку; Гима­лайда, Непал м-н Кытайдын чегинде. Бийикт. 8848 м (1954-ж. расмий аныкталган). Негизи­нен кембрийге чейинки гнейс, гранит, 7000 м бийиктиктен жогору мезозойдо пайда болгон кристаллдык акиташ ж-а сланец тектеринен түзүлгөн. Турпаты пирамида сымал, түш. кап­талы салыштырмалуу тик. Тоо массивинин туш тарабынан 600гө жакын мөңгү түшөт, алардын эң ирилери: Батыш ж-а Чыгыш Ронгбук, Кьет­рак, Кхумбу. Ж-нын түш. капталындагы ири мөңгүлөрдүн этеги 5200–5400 мге, түш. капта­лындагылары – 4500–4700 м бийиктиктерге че­йин түшөт. Түш. капталына ж-а пирамиданын кырларына кар ж-а фирн токтобогондуктан, алар жылаңач. 1865-ж. чокуга Индиядагы бри­таниялык топогр. кызматтын жетекчиси – Ж. Эвересттин ысмы ыйгарылган. 1953-ж. 29- майда Ж-га Ж. Хант башкарган англ. экспеди­циянын мүчөлөрү – альпинисттер Тенсинг (не­палдык шерп) м-н Э. Хиллари чыккан. Италия­лык альпинист – Р. Месснер дүйнөдө 1-болуп

Жомолунгма чокусу.


чокуга жалгыз жеткен (20. 8. 1980). 1953–2006-ж. Ж-га бардыгы болуп 3200дөн ашык альпинист чыккан (анын 200дөн ашыгы курман болгон). 1982-ж. майда сов. 11 альпинист (экспедиция­нын жетекчиси Е. И. Тамм) Ж-нын чыгууга мүмкүн эмес деп эсептелген түш.-батыш капта­лы м-н туу чокуга жеткен.


Ад.: Эверест. 82. М., 1984; Эверест, юго-западная стена. Л., 1984.