ЖОНГЛЁР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОНГЛЁР (лат. joculator – куудул, шайыр, тамашакөй) – 1) о. кылымдын башында Фран­циядагы кыдырма шайыр музыканттар (алар-

Жонглёрлор оюн көрсөтүүдө.

ды гистрион деп да аташкан). Анг­лиядагы менест­релдер, Германия­дагы шпильман­дар, Россиядагы с к ом орохт ор да Ж. сымал өнөр­поздор болгон. Эл­дин үрп-адатына, оюндарына байла­ныштуу чыккан бул өнөр муз. эле­мент м-н поэзия­ны, ымдоо-жаңдоо м-н акробатиканы бириктирип, про­көрсөткөн. Азыркы циркте Ж. көп учурда ак­робатика, эквилибристика, клоунада машыкты­руу м-н байланыштуу. Анын атчан, керилген зым, тепкич ж. б-га чыгып ж-а жерде ойноочу түрлөрү бар. 20-к-да Э. Растели орус циркинде татаал акробатикалык амалды аткарып, Ж. жан­рынын өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөткөн. Кыр­гыз циркинде У. Урманов, А. Санянин, З. Иса­ков сыяктуу көрүнүктүү Ж. өнөрпоздору бар, к. Кыргыз цирки.