ЖООН-ДӨБӨ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООН-ДӨБӨ – б. з. 6–12-к-на таандык шаар калдыгы. Кырг-н м-н Казакстандын чек арасы­на жакын, Талас – Жамбыл автомобиль жо­лунун боюнда жайгашкан. Татаал түзүлүштүү, узун коргондуу шаарлардын түрүнө кирет. А. ч. жумуштарынын натыйжасында шаардын алгач­кы аянтын аныктоо мүмкүн эмес, бирок уран­дыларынын ээлеген ордуна караганда шаар чоң болгон. Археол. казууда турак жайлардын ж-а коргонуу курулуштарынын калдыктары, кара­па идиштер, темир буюмдар, асем буюмдар та­былган. Шаар негизинен моңгол жапырыгынан талкаланган, айрым жерлери жер айдоо, суга­руу иштеринин натыйжасында бүлүнүүгө учу­раган. 1960-ж. археолог П. Н. Кожемяко изил­деген.