ЖООН-КҮНГӨЙ
ЖООН-КҮНГӨЙ , А р х а н г е л – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Курманбек атн. айыл округуна караштуу. Жалал-Абад – Казарман автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 67 км түн.-чыгыш тарапта. Багыш т. ж. бекетинен 30 км. Кыштак 1938-ж. негизделген. Калкы 2671 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, почта бөлүмү, китепкана, ФАП бар. Соода түйүндөрү, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.