ЖОРЖТАУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖО́РЖТАУН – Гайана Кооперация Респ-нын борбор шаары. Демерара-Махайка регионунун адм. борбору. Өлкөнүн түн.-чыгыш бөлүгүндө, Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан порт. Калкы 238,7 миң (2007). Өлкөнүн экон. борбору ж-а ири жолдор тоому. Эл аралык аэро­порту бар. Шаардын экономикасында тейлөө

Улуттук ассамблеянын имараты.м

чөйрөсү басымдуулук кылат. Өлкөдөгү эң ири кант корпорациясы, бир нече алдыңкы компа­ниялар (а. и. финансы ж. б.), тамак-аш (а. и. кант, ром, пиво), тамеки, жыгаччылык ө. ж. иш­каналары иштейт. Ун-т, тех. ин-т, коллеждер, Карнегинин экон. мектеби, калк китепканасы, музейлер (улуттук, антропология), театр («Гилд тиэтр»), улуттук маданий борбор бар. Шаарды 1781-ж. англичандар негиздеп, Георг IIIнүн ур­матынан аташкан, 1784-ж. Голландиянын Түш. Америкадагы ээлигинин борбору болуп, алар та­рабынан Стабрук (Таброк) деп аталган. 19-к-дын башынан англичандардын ээлигине өткөн. 1812- жылдан азыркы атында аталат. 1831–1966-ж. Британиялык Гвиананын, 1966-жылдан Гайа­нанын борбору. Ыйык Андрей (1811–18), жы­гачтан салынган Сент-Жорж англикан (1889– 94) ж-а католиктердин соборлору (1915–20), Улуттук ассамблеянын имараты (1829–34), рату­ша (1887–89) ж. б. сакталган. Ботан. бак, зоо­парк уюштурулган.