ЖОРО
ЖОРО , ж о р о б о з о – салттуу кыргыз коомунда өткөрүлүүчү эркектердин бирикмеси; күзкыш мезгилдеринде чогулуп тамак ичүү каадасы. Элибизде шерне үй-бүлө катышкан уюшма каадасы болсо, Ж. тескерисинче өзүнүн маанимаңызын көбүрөөк сактоо м-н эркектердин бирикмеси бойдон кала берген. Ж-ну жаш курактарына карай бөлүнгөн эркектер тобу түзүп, саны 25тен 40ка чейин жеткен. Ж. күз мезгилинде (мал жайлоодон күздөөгө түшүп, кышка камылга көрө баштаганда) башталып, жазында токтогон. Ж-до негизинен бозо ичилип, башка сый тамак да берилген, оюн-зоок, тамашалар болуп, сармерден айтылып, комуз чертип ырдашкан. Ж-чулардын ичинен кадыр-барктуу, көптү көргөн, салт билген адамдардан бий шайланган. Ал Ж. берүү кезегин сактоо, тартипке чакыруу, жазалоо милдеттерин аткарган. Бий Ж-го катышкан жигиттерден оң ж-а сол аталык, көлбөчү, кесекүл, эшик ага сыяктуу жардамчыларды дайындап алган. Аталыктардын бири оң, бири сол тарапта отургандарга көз салган. Ж-чулар бий м-н аталыктар аркылуу гана сүйлөшкөн. Эки көлбөчү (аякчы) бозо куйган. Бир кесекүл дайындалып, бозо сунган. Эшик ага болгон эки адам Ж-го келген саламчыларды тескеген. Бозо сүзүп берип турган адам – күрөкөч аталып, Ж-го катышкандардын катарына кирген эмес. Бийдин тапшырмаларын так аткарган, элдин көңүлүн көтөрө алуучу өткүр, тамашакөй, кадырлуу жигиттерден эрке бала коюлган. Анын оюн-зоок уюштуруп, тартип бузгандарды жазалап, ыгын таап Ж-чуларга эркелей билиши отурушту кызыктуу кылган. Биринчи Ж-ну айгыр жыгар деп атап, аны бий тапшырган адам өткөргөн. Жыгач аякка бозо куюп, атайы даярдалган боз үйдүн ортосуна коюшкан. Бозону бий баштаган Ж-чулар кезеги м-н экиүч ирет айланта ичкенден кийин, аягында үйдүн ээси Ж-кечтерге эт тарткан. Эки-үч күндөн кийин Ж. берүү кезеги кийинки кишиге өткөн. Ж. кезеги аяктарда оң ж-а сол аталык, эрке бала, эң акырында бий өзү «бийлик Ж.» өткөрүп, улак тартыш, күрөш, эңиш ж. б. ат оюндары өткөрүлгөн. Буга каалагандардын баары катышкан.
Ад.: Потапов Л. П. Древний обычай, отражающий первобытно-общинный быт кочевников // Тюркологический сборник. М.,1951. А. Көчкүнов.