ЖОУЛЬ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖО́УЛЬ ЗАКОНУ – массасы белгилүү идеалдык газдын ички энергиясы анын көлөмүнө эмес темп-расына гана көз карандылыгы ж-дөгү за­кон. Ж. з. идеалдык газдын кинетикалык тео­риясынын көз карашынан келип чыгат: моле­кулалардын өз ара аракеттенишүүсү болбойт (өз ара аракеттенишүүнүн потенциалдык энергия­сы нөлгө барабар), ошондуктан молекулалар­дын арасындагы аралыктын өзгөрүшү (көлөмдүн өзгөрүшү) ички энергияны өзгөртпөйт. Бул за­конду англ. физик Ж. П. Жоуль (Джоуль) анык­таган (1834).