ЖӨЖӨ
ЖӨЖӨ – тоок, күрп ж. б. куштардын балапаны. Куштар Ж-сүн ар кандай мөөнөттө басып чыгарат: мекиян – 21, күрп – 28 күн. Үй куштарынын Ж-сү массалык түрдө инкубатордо басып чыгарылат. Ж. 1–1,5 айлыгына чейин жөжөканада багылат. Ж. багуу өстүрүүчү чарбанын максаты м-н куштардын түрүнө жараша болот. Асыл тукум Ж-нү багууда жөжөканадагы 1 м2 аянтка суткалык тоок Ж-лөрү 16–20дан, күрп м-н каз Ж-лөрү 10–12ден, өрдөк Ж-лөрү 14–16дан жайгаштырылат. 20–30 күндөн кийин ошол эле аянтка 25ке чейин Ж. жайгаштырса болот. 1-жумада жылуулук түнкүсүн тоок жөжөканасында 28–29°С, күрп жөжөканасында 29–31°С, каз м-н өрдөк жөжөканасында 27–28°С болуш керек. Күндүз жылуулукту 3–4°Сна төмөндөтүүгө болот. 8–9 күндөн кийин жөжөканадагы жылуулук тоок, күрп Ж-сүнө жума сайын 3°Сге, каз м-н өрдөктүкүнө 4°Сге төмөндөтүлүп отуруш керек. Тоок м-н күрп жөжөлөрүнө 40, өрдөк м-н каз жөжөлөрүнө 20 күн болгондо жөжөкана жылытылбайт. Тордо багылган асыл тукум Ж-лөргө атайын даярдалган аралаш тоют берилет. Мындай тоюттарга витаминдүү дары-дармек, микроэлемент, антибиотиктер кошулат. Тордон чыгарылган кезде тоок м-н күрп Ж-лөрүнө кургак же көк тоют, тамыры азык өсүмдүктөр, балык калдыктары ж. б. кошулган нымдуу аралаш тоют берилет. Ж-лөрдүн өсүшүн көзөмөлдөө үчүн ай сайын 50– 100 баштан таразага тартып туруу керек. Эт багытындагы бройлер Ж-лөрүн багууда 1 м2 аянтка 10–12 Ж. жайгаштырылат. Жөжөкана механикалаштырылып, темп-ра 20–22°С, нымдуулук 60–65% болуш керек. Суткасына 12–14 саат негизинен электр лампочкасы аркылуу жарык кылынат. Жөжөлөргө 1–2 күн тартылган (майда) дан, андан кийин аралаш тоют берилет. Союла турган жөжөлөр сыртка чыгарылбайт. Күрп Ж-лөрү 1,5–2 ай жылуу тордо багылып, аралаш тоют берилет. Эгин аңызына түшүм жыйналгандан кийин чыгарса болот. Өрдөк Ж-лөрү 2–3 жума тордолгон жылуу жайда багылат. Суу (көлмө ж. б.) жок чарбаларда 1 м2 аянтка 8–9 Ж. туура келгендей жөжөкана курулуп, ал секцияларга бөлүнөт. Ар бир секцияга 500гө чейин Ж. киргизилип, чыктуу (нымдуу) аралаш тоют берилет. Көлмөлүү чарбаларда Ж-лөр 3 жумадан кийин көлмөлөргө чыгарылат. Мындай учурда суунун жылуулугу 14°Снан төмөн болбош керек. Каз Ж-лөрү 2–3 жума жылуу жайга багылат. 1 м2 жерге 3–4 Ж. жайгаштырылат. Тоют базасы (жайыты) мыкты чарбаларда Ж-лөр топ-тобу м-н (500–700дөн) жайытка (же көлмөгө) чыгарылат. 4 айдан кийин союлат.
Ад.: Дьяков Е. Е., Убашев А. Промышленное птицеводство – важный резерв увеличения производства мяса в Киргизии. Ф., 1980.