ЖӨЖӨЛҮҮ КУШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨЖӨЛҮҮ КУШТАР – жөжөсүн жумурткадан чыгары м-н ээрчитип багуучу куштар. Жумурт­канын 35%ин сарысы ээлеп, аны түйүлдүк азык катары пайдаланат. Мындай жумурткадан чыккан балапан жакшы көрөт ж-а угат, денеси калың тыбыт м-н капталат. Дароо басып же чуркап жүрүүгө жөндөмдүү болуп, көпчүлүгү жумурткадан чыкканда эле өз алдынча азыкта­на баштайт. Ж. к-га көбүнчө кургакта ж-а суу­да жашоочу канаттуулар – кыр төшсүздөр, гага­ра сымалдар, тоок сымалдар, тинаму, каз сымал­дар, каркыра сымалдар ж-а көпчүлүк маарак түспөлдөр (чулдуктардын бир тукуму) кирет.