ЖӨӨК САЛГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨӨК САЛГЫЧ – асма а. ч. шайманы; ал ай­доо аянттарга, саздак жерлерге тереңдиги 20– 50 см, эни 10–25 смге чейин убактылуу жөөк салууга ж-а кайра тегиздөөгө арналган. Ж. с-тын негизги тетиктери: рама, канал казгыч, жөөк салгыч, тегиздегич, автоматтык илиништиргич, гидравликалык система, кыймыл өткөргүч ме­ханизм. КБН-0.35А маркасындагы Ж. с. пахта ж. б. а. ч. өсүмдүктөрүн вегетация мезгилинде сугаруу үчүн жөөк салууда ж. б. кеңири пайда­ланылат. КМШ өлкөлөрүндө БН-300, КБН-0,35А ж. б. маркасындагы Ж. с-тар чыгарылган. Ал Т-28Х4М, МТЗ-80Х, «Беларусь» тракторлоруна чиркелет. Тетиктер трактордун кыймыл өткөргүч валынан иштейт. Саатына 5 кмге чейин жөөк салат.