ЖӨРГӨМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨРГӨМ – кыргыздын улуттук тамактарынын бири. Жаңы союлган койдун ич этинен (ичеги, карын, өпкө, карын май) даярдалат. Таза жуу­луп, бартталган (жыдытылган) карын ж-а өпкө­нү ичке тилип, калемпир-мурч сээп, корушу сиңгиче тындырат. Тилинген карын м-н өпкөгө ичегини (таза артып, жууп, муздак сууга салын­ган) бириктирип, карын май кошуп, түрдүү ыкмада (камчы өрүм, чалып өрүү, ороп өрүү) өрүп жасайт. Ө р ү л г ө н Ж. узун болот. Ж. жаса­луу ыңгайына жараша майлуу Ж. (карын май кошулат), э т т ү ү Ж. (төштүн салбырчагы м-н карчыганын учу­нан жукалап ке­сип, туздуу, жы­луу сууга салып жи б и т и п, жу м­шарган этти өпкө м-н карынга ка­баттап өрөт), э р­м е н Ж. (эрмен жеге н эчк и ни н жөргөмүн дарылыкка жешкен) болуп, бир нече түргө бөлүнөт. Ж. эт м-н кошо бышырылат. Ж. мурда кыз-келиндин гана ашы болсо, учур­да аш-тойлордо чүйгүн тамак катары кеңири колдонулат.