ЖУВАЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУВАЗ – өсүмдүк уруктарынан май чыгаруучу (май жуваз) ж-а шалы актоочу (ак жуваз) жө­нөкөй түзүлүштөгү жабдык. Алгач Ж-дардын дөңгөлөгүн бир же эки киши жөө түртүп айлан­дырышкан. Бара-бара ага өгүз, эшек, ат чегиле баштаган. Акырында Ж. тегирмен сыяктуу эле суунун күчү (бара) м-н жүргүзүлгөн. Май Ж-дын соку сымал бөлүгү бир же бир нече катуу чулу жыгачтан жасалып, айрымдарынын ичине жука темир капталган. Ж. чоң соку таштарды чуң­курайта терең оюп да жасалган. Булардын жан­чууру (сок билеги) оор келип, анын учу сокунун түбүнө текши тийгендей жалпагыраак жасалып, айрымдарына темир капталган. Ж. жанчуур кишинин, унаанын же суунун күчү м-н иште­ген. Айрым Ж-дын жанчууру башкача: кыска ок темирдин эки учуна бекитилген эки чоң дөңгөлөк таш атайы жасалган чоң жалпак таш­тын үстү м-н дөңгөлөнүп, урукту (данды) жан­чып, аралашмага айландырган. Уруктар текши жанчылган соң, абдан салмактуу кыскычтар аркылуу майы бөлүнүп алынган. Ак Ж-дын со­кусунун түбү май Ж-дыкынан да чуңкур жасал­ган. Сокбилегинин учу май Ж-дыкындай тек­ши жалпак эмес, сүйрүрөөк келип, сокусунун түбүнө жете бербегендиктен, шалыны былчы­ратпай, кабыгын гана түшүрүп, акшакты да аз чыгарган. Ж. Кырг-ндын түш. аймактарында колдонулат. Учурда Ж-да май тартуу, шалы ак­тоо иштери механикалаштырылган.