ЖУГУШТУУ РИНОТРАХЕИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУГУШТУУ РИНОТРАХЕИ́Т (Rinotracheitis infectiosa bovum) – катуу кармап, калтыратма­ны, жогорку дем алуу жолдорунда катаралдуу­некроздуу сезгенүүнү пайда кылып, көздү, жы­ныс органдарын, борб. нерв системасын жабыр­катып, бооз малды бала салууга дуушар кылуу­чу контагиоздуу вирустуу ылаң. Ылаңдаткы­чы – герпесвирус. Табигый шартта бодо мал гана жашына карабастан ылаңдайт. Ылаң коз­гогучунун булагы – ылаңдаган ж-а жаңы айык­кан мал. Алар вирусту сыртка мурдунан, көзүнөн ж-а жыныс мүчөлөрүнөн куюлган суюктуктар, сүт, сийдик, заң, шилекей аркылуу бөлүп чыга­рат. Ж. р-тин гениталдык формасы м-н ылаң­даган букалар коркунучтуу, себеби алардын бел суусу м-н вирус 6–19 айга чейин бөлүнүп чыгуу­га жөндөмдүү. Ылаңдап айыккан малда вирус­тун бир нече жылга чейин сактала тургандыгы ж-дө маалыматтар бар. Ылаң көбүнчө респира­тордук ж-а гениталдык формаларда өтөт, ушу­га ылайык дарт соо малга аба аркылуу (аэро­гендик жол) ж-а контакттык (куудурганда ж. б. учурда) жугат. Чарбада ылаңдын таралышына малды тар аянтчаларга багуу, өтө ысык же тес­керисинче, өтө суук шарт, сапатсыз тоюттанды­руу, желдетүүнүн жакшы иштебеши ж. б. зоо­гигиеналык ченемдердин одоно бузулушу түрт­кү берет. Ж. р. жылдын бардык мезгилинде, бирок көбүнчө кыш, жаз айларында кездешет. Ылаңдуулук 30–90% ке чейин жетип, алардын ичинен 1–20% өлүмгө учурайт. Бооз кунаажын­дар ж-а уйлар ылаңдын айынан 6–8 айлыгын­да музоо салышы мүмкүн. Атайын каражаттар­дан алынган гипериммундук сары суу ж-а ооруп айыккан малдын каны же анын плазмасы м-н дарылайт. О. эле антибиотиктер, сульфанила­мид дары-дармеги колдонулат. Ылаңды алдын алуу үчүн тиешелүү вакциналар бар. Д. Раимбеков.