ЖУГУШТУУ ЫЛАҢДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУГУШТУУ ЫЛАҢДАР эволюциянын тааси­ри м-н жаныбарлардын организминде мителик кылууга жөндөмдүү болгон патогендүү микро­организмдерден пайда болот. Алар ылаңдаган малдан соо малга, кишиге жугууга жөндөмдүү, өсүп-өнүгүүсү бир канча баскычта өтөт, макроор­ганизмде спецификалык реакцияларды (анти­телолорду, аллергияны) пайда кылат, көпчүлүк учурда иммунитетти пайда кылуучу касиетке ээ. Ж. ы-дын бир тобу жаныбардан адамга жугат. Ж. ы. жаныбарлардын продукттуулугу төмөн­дөйт, өлүмгө учурайт, алардын алдын алуу ж-а дарылоо үчүн бир кыйла каражат зарп кылы­нып, экон. чоң зыянга дуушар кылат. Ж. ы. жапайы ж-а а. ч. жаныбарын жабыркатат. Би­рок, чарбалык, экон. шарттардын көп кырдуу­лугуна ж-а климатка байланыштуу бардык жерде бирдей кездешпейт. Ж. ы-га эпизоотиялык про­цесс таандык. Ж. ы-дын пайда болушунун, өнүгүшүнүн, таралышынын бир топ себеби бар.
Аларга тукум куугучтук, жаныбарлардын жа­шы, тукуму ж-а организминин жалпы абалы кирет. Ж. ы-ды изилдөөнү ж-а ага каршы кү­рөшүүнү жеңилдетүүчү 10дон ашык классифика­циясы бар. Ж. ы. клиникалык белгилеринин өнү­гүүсү б-ча бир канча түрдө өтөт: өтө тез, курч, жетилген, улаарган (создуккан, өнөкөт). Ж. ы-дын диагнозу эпизоотол., клиникалык, пата­нат., гистол., бактериол., вирусол., иммунол. комплекстүү изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Д. Раимбеков.