ЖУГУШТУУ ЭНТЕРОТОКСЕМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУГУШТУУ ЭНТЕРОТОКСЕМИ́Я (Enteroto- xemia infectiosa anaerobica) – койлорду шүү­шүндүү энтеритке чалдыктырып, нерв түйүнүн, боорду жабыркатып, жалпы денени ууланды­руу м-н оор өтүүчү контагиоздуу эмес ылаң. Ылаңды бактерия козгойт, ал айлана-чөйрөдө өтө туруктуу, 15–30 мин кайнаткандан кийин


гана споралары жугушсузданат. Табигый шарт­та Ж. э. м-н көбүнчө козулар, андан соң чоң койлор, кээде малдын башка түрлөрү (бодо, эчки, жылкы, төө, чочко, тоок, жапайы жырткыч­тар) ылаңдай т. Аба ырайына ж-а чөптүн өсүшүнө байланыштуу энтеротоксемия көбүнчө жай ж-а күз айларында, өзгөчө жаан-чачындуу жылдары кеңири таралып, чыгаша арбын бо­лот. Ылаң козгогучу чөп м-н малдын ичеги-ка­рынына кирип, ыңгайлуу шартта тез көбөйүп, уу (экзотоксиндерди) бөлүп чыгарат. Токсиндер денеге сиңип, ылаңды күчөтүп, бүт организмди ууландырат. Көпчүлүк учурда ылаңдаган кой адегенде телмирип оттобойт, ордунан араң жы­лат, мүдүрүлүп жыгылып, турбай калат. Өлөр алдында оозу-мурдунан көбүктөнгөн суюктук агат, чычкактайт, ичи көбөт. Мындай учурда ылаң 5–6 күнгө созулат да, мал тез арыктайт. Илдеттүү мал тишин кычыратат, катуу ыйы­нат, көзү бозоруп, темтеңдейт. Өнөкөт өткөндө, комплекстүү метод м-н дарылоо талап кылы­нат. Бир эле мезгилде ылаңдаган малды кош валенттүү иммундуу сыворотка, антибиотиктер (дибиомицин, дитетрациклин, биомицин, тер­рамицин ж. б.) м-н дарылайт. Ылаң чыккан чарбага чектөө коюлат. Д. Раимбеков.