ЖУМАБАЕВ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Асек (9. 5. 1924‚ Нарын обл.‚ На­рын р-ну‚ Байказак айылы – 27. 8. 2005, Биш­кек) – ырчы, Кыргыз CCР эл арт. (1964). 1941– 45-ж. колхоздо эсепчи‚ 1943–48-ж. Нарын ж-а Ысык-Көл обл. драма театрларында артист‚ 1949-

жылдан Кыргыз акад. опера ж-а балет театрынын соли сти бол гон. Аткарган ролдору: Күлчоро (А. Мал­дыбаев‚ В. Вла­сов‚ В. Фере‚ «Ай­чүрө к »)‚ Ш еге (Е. Брусиловский‚ «К ыз Жи бек »)‚ Калыбек (А. Мал­дыбаев‚ В. Вла­сов‚ В. Фере‚ «Ал­тын кыз»)‚ Мар­кабай (Н. Давле­сов‚ «Аста-секин‚ колукту») ж. б. Киного да тартылган (Арзымат, «Токтогул» кинофильми). Ж. – элдик ырларды чебер аткарган‚ Калмурат‚ Cыртбай‚ Атай‚ Муса сыяктуу обончулардын өнөрүн уланткан. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Бүткүл дүйнөлүк студент­тер м-н жаштардын Варшавада өткөн 5-фести­валынын (1955) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ор­дени ж-а медалдар м-н сыйланган.