ЖУМАБАЕВА 1
ЖУМАБАЕВА Таасилкан Токтомамбетовна (19. 12. 1958-ж. т., Ош обл., Алай р-ну, Кичи Каракол айылы) – биология илимд. доктору (2002). Ош Мамл. пед. ин-тун (1980), СССР ИА-нын Хим. физика ин-тунун аспирантурасын бүтүргөн (1987). Кырг. ССР ИАнын Орг. эмес ж-а физ. химия ин-тунда ил. кызматкер болуп иштеген (1980–81). Ж-нын жетекчилиги астында радиоэкология лабор-сы түзүлүп, Түш. Кырг-ндын радиофону изилденген (1998–2001). ОшМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан (1987–2005). 2005-жылдан ОшМУнун проректору. Биофизика ж-а радиоэкология б-ча адис. 60тан ашуун ил. эмгеги, 1 монографиясы бар.