ЖУМАБЕКОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБЕКОВ Сабырбек Ар­тисбекович (11. 8. 1964-ж. т., Талас обл., Кара-Буура р-ну, Сатыкей айылы) – медицина илимд. доктору (1995), проф. (1997). КРдин УИАнын корр. мүчөсү (2006), академик (2010). КМИИни (1987),

Симферополь ш-ндагы Крым медин-тунун аспи­рантурасын ж-а докторантурасын бүткөн (1987– 95). 1996–2002-жылдары Кырг-н курортология ж-а калыбына келтирүүчү дарылоо ИИИде ди­рект орду н орун бас ары, 1997-жылдан КММАнын травматология, ортопедия ж-а эксперименттик хирур­гия кафедрасынын башчы­сы. Бишкек мэриясынын алдындагы Саламаттык сак­тоо департаментинин ж-а милдеттүү түрдө мед. кам­сыздандыруу фондунун ди­ректору (2002–04). 2004-


жылдан Бишкек ш-дык травматология ж-а ор­топедия ил.-из. борборунун директору. Анын жетекчилиги астындагы кашка жиликтин ал­как бөлүгүнүн сыныктарын, остеомиелитти хи­рург. жол м-н дарылоонун жаңы ыкмасын иш­теп чыгуу ж-а киргизүү б-ча изилдөө иштери жүргүзүлгөн. О. эле көкүрөк-бел бөлүгүнүн эски сынып-чыгып кетүүсүнүн кесепетин, жилик­тердин өнөкөт остеомиелитин, күң жиликтин моюнчасынын ж-а согончок сөөктүн сыныгын дарылоо б-ча да иштер жүргүзүлүүдө. Ал 1996– 99-ж. Борб. Азияда биринчилерден болуп муун ооруларын микрохирург. жол м-н дарылоо ж-а дүйнөлүк стандарттагы протездер м-н чоң жи­ликтин башын алмаштыруу методдорун киргиз­ген. 1990-жылдан Бүткүл дүйнөлүк травмотолог­ортопеддер коомунун мүчөсү. Омуртканын мик­рохирургиясы ж-а кол, бутту узартуу б-ча адис. Дүйнөдө биринчи болуп тескери бүгүлгөн тизе муунуна уникалдуу операция жасаган (2006). Эл аралык «Руханият» сыйл. ж-а Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (Женева) алтын медалынын ээси. 125тен ашуун ил. эмгеги, а. и. 2 монография, 6 ойлоп табуусу бар.


Эмг.: Способ удлинение бедра. Изобретение А. С. Патент РФ ¹ 93053452, 1993.