ЖУМАГУЛОВ 1
ЖУМАГУЛОВ Алымкул (1893, азыркы Чүй обл., Панфилов р-ну, Кум-Арык айылы – 1937, ?) – парт. ж-а мамл. ишмер. Чалдыбар орустузем мектебин, Олуя-Ата ш-ндагы жогоркубашталгыч окуу жайын бүтүргөн. 1915–17-ж. Олуя-Ата уездинин начальнигине тилмеч ж-а катчы болуп иштеген. 1917-ж. Олуя-Ата уезддик-шаардык депутаттар советинин аткомуна, солчул эсерлер партиясына, 1919-ж. большевиктер фракциясына мүчө болгон. Т. Рыскулов, Б. Кашкынбаев ж. б. м-н бирге Советтердин бүткүл өлкөлүк 8-съездине делегаттыкка шайланган (1919). 1918–24-ж. Олуя-Ата, Пишпек уезддик жер бөлүмүнүн башчысы, жер реформасы б-ча «өзгөчө тройканын» төрагасы, Олуя-Ата уезддик аткомдун төрагасынын орун басары, 1924-ж. Кокон ш-ндагы Түркстан КП Фергана обл. к-тинин чарба бөлүмүндө, Ташкенттеги Бүткүл Россиялык кооперациялык банкта инструктор болуп иштеп, Ж. Абдрахманов, М. Каменский, Р. Кудайкуловдор м-н биргелешип, Кырг-ндагы алгачкы а. ч. кооперативдерин уюштурган. 1924–26-ж. Кыргыз автономиялуу обл-нун Дыйканчылык башкармалыгынын начальниги, начальниктин жардамчысы, 1927–37-ж. Жалал-Абад кантондук, Ош округдук, Талас р-ндук жер бөлүмүнүн башчысы, Кызыл-Кыя шаардык пахта өндүрүү кооперативинин башчысы, Кыргызпахтасоюздун төрагасынын орун басары, Мирзоян р-ндук аткомунун иш башкаруучусу болуп иштеген. 1937-ж. Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөсү деген жалаа м-н камакка алынып, атууга өкүм кылынган. 1957-ж. Кыргыз ССРинин Фрунзе обл. соту тарабынан толук акталган. Ысымы Талас р-нунун Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Кара- Ой орто мектебине ж-а бир көчөгө ыйгарылган. С. Тоялиев.