ЖУМАГУЛОВ 2
ЖУМАГУЛОВ Апас (19. 9. 1934-ж. т., Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Арашан айылы) – мамл. ишмер. КРдин илим ж-а техника жаатында мамл. сыйл. лауреаты (1978). Геол.-минералогия

ил имд. док тору (1999). Кырг-н инж. академиясынын академиги (1992). 1958-ж. Москвадагы И. М. Губкин атн. нефть-химия ж-а газ ө. ж. ин-тун бүтүргөн. 1958– 73-ж. СССР ИАнын комплекстүү Түш. геол. экспедициясында лаборант, Ош обл. «Кыргыз мунай» башкармалыгында башкы геолог, бөлүм башчы, башкы инженер, 1973–79-ж. Кырг-н КП БКда ө. ж. ж-а транспорт бөлүмүнүн башчысы, 1979–85-ж. Кырг-н КП БКнын секретары, 1985–86-ж. партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-секретары, 1986–91-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1991–92-ж. Чүй обл. эл депутаттар кеңешинин төрагасы, 1992–93-ж. Чүй обл. мамл. администрация башчысы, 1993–98-ж. КРдин Премьер-министри, 1998–2005-ж. КРдин Германиядагы атайын элчиси, 2005–07-ж. КРдин РФтеги атайын элчиси, 2007-жылдан Кара-Балта тоо-кен комбинатынын директорлор кеңешинин төрагасы. Кыргыз ССР ж-а СССР Жогорку Советтеринин депутаты (1975–85; 1986–91). Манас, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Анализ эффективности прогноза коллектора III продуктивного пласта в районе Майли- Суйского структурного выступа // Геология и нефтегазоностность Киргизии. Ф.: 1990; Что отдано взамен. Б., 2008.