ЖУМАГУЛОВ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАГУЛОВ Мааметайып (24. 6. 1949-ж. т., Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Кара-Бүргөн айы­лы) – философия илимд. доктору (1994), проф. (1997). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2006), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (2005). 1970-ж. Пржевальск мамл. пед. ин-тун бүткөн соң, ошол эле ин-ттун философия ж-а ил. ком­мунизм кафедрасында окутуучу, 1976–91-ж. Кыргыз ССР ИАнын Философия ж-а укук ин­тунда кенже, улук, жетектөөчү ил. кызматкер, 1992–96-ж. социалдык экология бөлүмүнүн баш­чысы, 1996–2000-ж. И. Арабаев атн. КМПУда проф., 2000-жылдан КМКТАУда кафедра баш­чысы. Онтология, тааным теориясы ж-а азыр­кы илимдердин методологиясы б-ча 200дөй ил. макала 9 монография, 5 методикалык окуу ку­ралынын автору.


Эмг.: Понятие «связь». Б., 1991; Взаимодействие человека и природной среды. Б., 1996; Экологическое мышление в эпистемологическом измерении. Б., 2005.