ЖУМАЛИЕВ
ЖУМАЛИЕВ Cардарбек [5. 2. 1941-ж. т.‚ Чүй

обл.‚ Кант (азыркы Ысык-Ата) р-ну‚ Жар-Башы айылы] – дирижёр, обончу, КРдин эл арт. (1999). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атн. муз.-хореогр. окуу жайынын алдындагы муз. мектепти (1958), М. Күрөңкөев атн. муз.-хореогр. окуу жайын (1962)‚ Б. Бейшеналиева атн. КМИИни (1967) бүтүргөн. Кыргыз филармониясынын алдындагы К. Орозов атн. Эл аспаптар оркестринде (1958), Кыргыз эстрада ансамблинде (1968) комузчу‚ Респ. эл чыг-лык үйүндө муз. редактор (1972–75)‚ 1977-жылдан К. Орозов атн. Эл аспаптар оркестринде дирижёр. Оркестр м-н Сирия, Польша, Моңголия, Кытай, Корея, Түркия, Франция, Япония ж. б. мамлекеттерде гастролдо болгон. Ж-дин эл арасына кеңири тараган 100дөн ашуун обону («Дзержинский бульварым»‚ «Кыргыз жери кымбатым»‚ «Ысык-Ата арашан»‚ «Толкундар»‚ «Таң сыры»‚ «Cен менин жазылбаган ырларымсың» ж. б.) бар. Ал обончулардын ондогон обондорун оркестр үчүн иштеп чыккан. Фортепьяно үчүн пьесалардын‚ романстардын автору. Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалынын ээси (2007). Медалдар м-н сыйланган.