ЖУМАНАЗАРОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАНАЗАРОВ Сатымкул (17. 9. 1951, Талас обл., Кара-Буура р-ну, Жоон-Дөбө айылы – 2. 4. 2007, Бишкек) – спортчу, жөө күлүк. СССР спор­тунун эмгек сиң. чебери (1981). Кыргыз мамл.

дене тарбия ин-тун бүтүргөн (1980-ж. 1985–91-ж. Биш­кек ш-ндагы «Колхозчу» ж-а «Эмгек резервдери» ык­тыярдуу спорт коомдорун­да машыктыргыч, 1992-жыл­дан Тоң р-нунун Кажы-Сай шаарчасындагы спорт ком­плексинде башкы дирек­тор. Жеңил атлетика м-н 1968-жылдан машыккан. 1974-ж. «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросс­тун бүткүл союздук финалында 14 км аралыкка чуркоодо 2-орунга чыккан, СССРдин чемпио­наттарында 10 км аралыкка чуркоодо коло ж-а күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-ж. Москва ш-нда өткөн 22-Олимпиялык оюндарда 42 км 195 км аралыкты 2 с 11 мин 16 секда чуркап өтүп, советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында 1-жолу 3-орунду ээлеп, коло медаль жеңип алган. 1977–80-ж. өткөн СССР чемпионаттарында күмүш медалдар­ды алган. Япония, Германия, Грекия, Финлян­дияда өткөрүлгөн марафондук чуркоодо да же­ңиштерге жетишкен. СССР – Американын жол­доштук беттешүүлөрүндө 1000 мге чуркоодо ал­дыңкы орунду ээлеген. Медалдар м-н сыйланган.