ЖУМАНАЛИЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАНАЛИЕВ Акылбек (15. 5. 1944-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Ильич кыш.) – тарых илимд. доктору (2003), проф. (2007). Фрунзе соода тех­никумун (1963), КМУнун тарых ф-тин (1972) бүтүргөн. 1972–74-ж. КМУда окутуучу, 1974– 86-ж. Кыр-н КП Фрунзе шааркомунда инструк­тор, Кырг-н КП БКда инструктор, сектор баш­чы, Кырг-н КП БКнын 1-секретарынын жардам­чысы, 1986–89-ж. Кыргыз ССР Министрлер Со­ветинде илим ж-а жаңы техника б-ча бөлүм башчынын орун басары, 1989-жылдан КР УИАнын Тарых ин-тунда ил. кызматкер, улук ил. кызматкер, бөлүм башчы. Кырг-ндын сая­сий тарыхына ж-а тарых илимд. методология­сына арналган 50дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 1 окуу куралы 2 монография) автору.


Эмг.: Политическое развитие Кыргызстана. Б., 1994; Политическая история Кыргызстана. Б., 2003; Кыргызская государственность в ХХ веке. Б., 2003; Тарых философиясы жөнүндө. Б., 2001.