ЖУМАТАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАТАЕВ Мурат Садырбекович (29. 01. 1957- ж. т., Фрунзе) – техника илимд. доктору (1993), проф. (1998), КР УИАнын академиги (2006, корр.- мүчөсү 1997). ФПИни (1978), Кыргыз ССР ИАнын Автоматика ин-тунун аспирантурасын (1984) бүтүргөн. Машина таануу ин-тунда лаборант, инженер (1976–81), ил. кызматкер (1982–92) оку­муштуу катчы, директордун орун басары (1992), 1995-жылдан директор, ошол эле учурда И. Раз­заков атн. КТУда проф. бо­луп иштейт. Анын ил. из­лөрү металлдарды басым м-н иштетилүүчү пресстер­дин, электр-мех. балкалар­дын ж-а перфораторлордун

өндүрүштүк үлгүлөрүн жа­соодо кеңири колдонулган.
Өзгөрүлмө түзүлүштөгү ме­ханизмдерди талдоонун ж-а түзүүнүн жаңы усулдары өтө маанилүү ил. жетишкендик болуп эсептелет. Ма­шиналардын динамикасы ж-а бекемдиги б-ча адис. 100дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 2 моно­графия, 11 ойлоп табуунун, 3 окуу куралдын автору.


Эмг.: Шарнирно-рычажные механизмы переменной структуры. Б., 1993 (в соавторстве); Механизмдердин динамикасы (авторлош). Б., 1998; Шарнирно-ры­чажные ударные механизмы с кинематической развязкой ударного узла. Б., 2007 (в соавторстве).