ЖУМУРТКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМУРТКА – уруктангандан кийин жаңы ор­ганизм өрчүүчү энелик клетка; үй куштарынан алынуучу баалуу диеталык тамак-аш продук­тусу. Ж. сарысы, агы, чел кабык ж-а кабык­тан турат. Ж-нын морфол. белгилери, физ. ка­сиеттери, хим. курамы куштун жашына, ген. өзгөчөлүгүнө, тоютуна ж-а багылышына жара­ша болот. Бардык эле үй куштарынын Ж-лары формасы ж-а өлчөмү б-ча бирдей эмес. Ж. алы­нуучу тоок породаларынын Ж-сы жумуртка-эт багытындагы тооктун Ж-ларына караганда сүйрүрөөк (учтуураак) келет. Куш Ж-ларынын ичинен эң чоңу – каздын Ж-сы. Андан кийин­ки орунда (чоңунан кичинесине карай алганда) күрп, өрдөк, тооктун Ж-лары. Куш Ж-ларынын салмагы: тооктуку 55–65 г, каздыкы 110–180 г, күрптүкү 110 г. Ж-нын сарысы – эң баалуу бөлүгү. Ал – адам организмине керек белок, май, минерал заттар, о. эле В, А, Д, Е витамин­дерине бай. Ж-нын сарысында адамдын орга­низмине керек лецитин бар. Ж-дагы минерал заттар: кальций, фосфор, магний, калий, хлор, натрий, темир ж. б. Ж. организмге дээрлик толук сиңет. Каз, күрп, өрдөк Ж-лары тамак­ашка аз керектелип, көбүнчө балапан чыгаруу үчүн жумшалат.