ЖУМУШСУЗДУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМУШСУЗДУК – калктын эмгекке жарам­дуу белгилүү бир бөлүгү өзүнө жумуш таппаган­дыгы м-н мүнөздөлүүчү татаал социалдык-экон. абал. Эл аралык эмгек уюмунун аныктамасына ылайык‚ иштегиси келген‚ иштей алган‚ бирок жумуш орду жок адам жумушсуз деп аталат. Рынок экономикасында Ж. жумушчу күчүнө талап м-н суроонун ортосундагы өз ара аракет­тин жыйынтыгы болот. Ил.-тех. прогресстин таасири‚ өндүрүштүн натыйжалуулугунун өсүшү‚ экономиканын тармактык структурасынын өзгөрүшү‚ өндүрүштүн кыскарышы ж-а башка социалдык-экон. процесстердин натыйжасында ага ылайык жумушчу күчүнүн саны кыскарат же анын сапатына ж-а структурасына жаңы та­лаптар коюлат. Ж. кризис учурунда кескин көбөйөт. Рынок мамилесине өтүү биздин өлкөдө Ж-тун көбөйүшүнө алып келди.