ЖУНУСОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУСОВА Мира Карбековна (21. 5. 1951-ж. т., Фрунзе) – а. ч. илимд. доктору (2007). КМУнун биол. ф-тин бүтүргөн (1973). Эмгек жолун Кырг-н дыйканчылык ИИИде лаборант болуп башта­ган. 1976–79-ж. СССР ИАнын Сибирь бөлүмү­нүн Генетика ж-а цитология ИИИде аспирант. 1979–81-ж. Кырг-н дыйканчылык ИИИге ка­раштуу Ысык-Көл тажрыйба-селекция станция­сында ил. кызматкер. 1981–91-ж. Кырг-н дый­канчылык ИИИде улук ил. кызматкер ж-а био­технология лабор-сында бөлүм башчы. 1991– 96-ж. К. И. Скрябин атн. КАЧИде биология ка­федрасында доцент, кафедра башчысы, 1996- жылдан Кырг-н дыйканчылык ИИИде бөлүм башчы. 2004-жылдан Кант р-нундагы «МИС» а. ч. кооперативинде бөлүм башчы, ошол эле мез­гилде КАУда профессор. Чет элдик программа­лар м-н иштейт. Ил. эмгектери генетика, био­технология, селекция ж-а үрөнчүлүк маселе­лерине арналган. Ал – 80ден ашык ил. эмгек­тин ж-а буудайдын 11 сортунун автору.


Эмг.: Генетические основы создания короткосте­бельных сортов пшеницы для орошаемых условий Кыргызстана. Б., 2002; Выращивание зерновых культур. Б., 2002.