ЖУНУШАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУШАЛИЕВ Кубанычбек Кашымбекович (25. 2. 1961-ж. т., Ысык-Көл обл., Балыкчы ш.) – медицина илимд. доктору (2001). КММИни (1984), Кыргыз онкология ж-а радиология ИИИнин аспирантурасын бүтүргөндөн (1989), ошол эле ин-тта врач-ординатор, улук ил. кызматкер бо­луп иштеген. 2001-жылдан УОБдо бөлүм баш­чы болуп эмгектенет. Мээ ж-а моюн шишикте­рин диагноздоо ж-а дарылоо б-ча адис. 60тан ашык ил. эмг., а. и. 1 монография, 2 ойлоп та­буусу, 5 рационализатордук сунуштары бар.


Эмг.: Хирургическое лечение рака надгортанника. Б., 1999.