ЖУНУШБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУШБАЕВ Абдрашит [1920, Калинин (азыр­кы Жайыл) р-ну, Сары-Коо кыш. – 1994, Биш­кек] – топурак таануучу, география илимд. док­тору (1973). К. И. Скрябин атн. КАЧИни 1952-ж. бүтүргөн. 1956-жылдан Кырг-н топурак таануу ИИИде топуракты эрозиядан сактоо бө­лүмүн башкарган. «Кыргыз ССРнин топуракта­ры» деген көлөмдүү монографияга авторлош. Кыргыз ССРнин топурактарынын, Кырг-ндагы топурак эрозиясынын карталарын түзүүгө ка­тышкан. Ж. 120дан ашык ил. эмгектин (а. и. 6 монография, 12 брошюра ж-а буклет) автору. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кы­зыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.