ЖУНУШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУШЕВ Керим (12. 10. 1925-ж. т.‚ Ысык- Көл обл.‚ Ак-Суу р-ну‚ Кереге-Таш айылы) – эко­номика илимд. доктору (1971). Экономика тео­риясы б-ча адис. Кырг-н КП БКга караштуу респ. парт. мектепти (1965), КПСС БКга караштуу Жогорку парт. мектепти (1959) бүткөн. Кырг-н КП БКнын Жалал-Абад‚ Ысык-Көл‚ Жети-Өгүз р-ндук к-ттеринде инструктор (1951–58)‚ Кыр­гыз CCР ИА ЭИде ил. кызматкер (1959–67), ФПИде доцент (1967–72)‚ КМУда проф. (1973)‚ 1995-жылдан ил. кеңешчи болуп иштеген. 70тен ашуун ил. эмгеги‚ а. и. 10 монографиясы жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Развитие товарно-денежных отношений в дореволюционной Киргизии. Ф.‚ 1965; Сущность и пути использования закона стоимости. Ф., 1974; Действенность факторов перестройки. Ф., 1990.