ЖУП НИКЕ
ЖУП НИКЕ – жеке никенин алгачкы коомдук түзүлүштө пайда болгон түрү. Полигамиядан айырмаланып, үйлөнгөн жубайлар бирге жашабагандыктан, үй-бүлө коомдун өз алдынча экон. уютку боло алган эмес. Нике туруксуз болгон.
Үйлөнгөндөр өз уруусу м-н чогуу жашап, кезкезде гана бирине-бири каттап турган. Алгачкы коомдук түзүлүштүн бузулушу, жеке менчиктин пайда болушу, Ж. н-ден жеке никеге өтүүгө шарт түзгөн. Кийин үй-бүлө уруудан бөлүнүп чыгып, ал коомдун экон. уюткусуна айланган ж-а
үй-бүлөдө атанын бийлиги орногон.