ЖУП ЖАЛБЫРАКТУУЛАР
ЖУП ЖАЛБЫРАКТУУЛАР (Zygophyllaceae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Бир же көп жылдык чөп, бадал же чала бадал, айрым түрү дарак. Татаал канат сымал кесилген же бүтүн жалбырактары тушташ же кезектешип жайгашат. Кээде тикенге айланган жан жалбыракчалары болот. Гүлү жалкы же чачыдай, чатырдай топ гүлгө чогулган; кош жыныстуу, актиноморфтуу, кээде бир жыныстуу. Гинецейи 5–4 же 3–2 мөмө жалбыракчалардан түзүлгөн. Мөмөсү – кутуча, данекче же ширелүү жемиш. Алардын 23 уруусу 240тай түрү белгилүү. Кырг-нда 11 түрү кездешет. Негизинен тропик, субтропик ж-а мелүүн алкактардын кургак р-ндорунда, Сахара, Батыш, Борб. ж-а О. Азия чөлдөрүндө, Араб ж. а-нда, Австралияда ж-а Түш. Сибирдин кумдуу, таштуу, ылайлуу, шордуу жерлеринде өсөт. Кээде деңиз деңг. 4000 м бийиктикке чейин кездешет. Көп түрүндө алкалоиддер, сапониндер, өңдөгүч заттар (адырашман, мык тикен) табылса, айрымдары чөлдө кум бекитүүдө, жейт. Аны кургатып, майдалап баштыкка салып, алыс жолго чыкканда, жол азык катары ала жүргөн. Ж-ны О. Азия элдери, казактар да жасайт. Айрым жерлерде ч а б а т ы деп да аталат.