ЖУСУБАЛИЕВ 1
ЖУСУБАЛИЕВ Балтабай [1875, Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Дөрбөлжүн (азыр Баетов) кыш. – 1965, ошол эле жер] – жылкычы, Соц. Эмг. Баатыры (1948). 1939–60-жылдары Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нундагы Жданов атн. колхоздо жылкычы болуп иштеген. 1947-ж. 182 жылкыны (а. и. 52 бээден 52 кулун алган) аман асырап, жылкы чарбасын өнүктүрүүдө чоң салым кошкон. Ленин ордени м-н сыйланган.
