ЖУСУБАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУСУБАЛИЕВ Кубатбек (30. 10. 1941-ж. т., Ош обл., Алай р-ну, Кердегей айы­лы) – жазуучу. 1963-ж. КМУнун филология ф-тинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн, 1965– 67-ж. Москвадагы Жогорку сценарийчилер кур­сунун угуучусу болгон. Чыг-лык жолу 1963- жылдан башталган. Ж. – кыргыз ад-тындагы постмодернизм багытындагы чыгармаларды жа­раткан бирден бир жазуучу. Анын алгачкы «Тоо­лорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы терек­тер» аттуу аңгемелери ж-а «Күн автопортре­тин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм ме­тодунун негизинде жазылгандыгы байкалат. 1981-ж. жазуучунун 2-китеби, «Толубай сынчы» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. 1987-ж. «Ала-Тоо» журналына «Амбарная книга» повес­ти «Күздүн акыркы күнү» деген ат м-н жарык көргөн. 1991-ж. «Муздак дубалдар» аттуу ките­би чыккан. Ж-дин чыг-лыгы м-н кыргыз ад-тын­да жаңы багыт, жаңы нук пайда болгон.