ЖУСУПБАЕВ
ЖУСУПБАЕВ Амангелди (24. 9. 1946-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Кызыл-Тоо айылы) – физикаматематика илимд. доктору (2001). КМУнун механика-математика ф-тин (1968), КР УИАнын аспирантурасын (1978) бүтүргөн. КР УИА МИде улук инженер, ил. кызматкер, 1992-жылдан лабор. башчысы. Дискреттүү оптималдаштыруу, оюндар теориясы б-ча адис. 50дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 2 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Комбинаторный метод решения задачи размещения (авторлош). Ф., 1990; Решение задачи размещения сезонного производства. Новосибирск, 2002.