ЖУТАКЕЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУТАКЕЕВ Абылкасым (1888, азыркы Нарын обл., Нарын р-ну, Жан-Булак айылы – 1933, Ат-Башы р-ну, Ак-Жар айылы) – жазгыч акын, кыргыз ад-тын баштоочулардын бири. 13–14 жа­шынан ыр жаза баштаган. Алгачкы ырлары жетимчи­ликтин айынан көргөн кор-

дугу, тарткан азабы ж-дө. 1920-ж. Алмат ы ш-нда ачылган мугалимдер курсун бүтүрүп, 1923-ж. Ат-Башы­да мугалим, 1923–31-ж. На­рын уездинде союз кошчу­нун төрагасы, Ак-Жар кол­хозунун башкармасы болуп иштеген. Чыгармаларында өзү күбө болгон эки доордогу кыргыз турмушун ырга кошкон. Анын «Үч доор» поэмасында кыр­гыз элинин Октябрь рев-ясына чейинки оор тур­мушу, «Кайткан элде» 1916-жылкы улуттук-бош­тондук күрөш сүрөттөлгөн. «Кайран эл», «Эркин Тоо», «Кеңеш өкмөтү», «Кесел кедейдин арманы» аттуу көркөм мурастары калды.