ЖУУКУ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУУКУ ТООСУ – Тескей Ала-Тоонун түн. тар­магы. Жууку ж-а Барскон сууларынын аралы­гында 35–38 кмге созулуп жатат. Туурасы 15– 17 км. Орт. бийикт. 3900–4300 м, эң бийик жери 4671 м. Кыры аска-зоокалуу ж-а мөңгүлүү, түн. капталы Ысык-Көл өрөөнүн көздөй тигирээк түшөт; Чоң ж-а Кичи Жаргылчак, Ак-Терек, Чычкан сууларынын өрөөндөрүндө терең кап­чыгайлар бар. Түш.-чыгыш капталы Жууку кап­чыгайына тик түшөт. Тоо негизинен соңку ри­фейдин гранит-диорит, порфирит ж-а гнейстүү диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Тоонун түн. капталына шалбаалуу талаа (2300–2400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу токой (карагай; 2400–2800 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шал­баалуу талаа (2900–3300 м), андан жогору би­йик тоо тундрасы, талаа ж-а гляциалдык-ни­валдык, түш. капталына негизинен шалбаалуу токой, субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ланд­шафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; токой чар­басы бар.