ЖУЧУ УЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУЧУ УЛУСУ – 1224-ж. Чыңгызхан Дешт-и Кыпчакты, Хорезмге караган аймактарды то­лук бойдон тун уулу Жучуга бөлүп бергенде пай­да болгон ээлик. Ж. у. Болгар жеринин түн.- чыгышынан баштап, Днестр д-нын батышын, Крымдын түш.-батышындагы тоолорду ж-а Кав­казда Баку, андан Түн. Хорезмдин Үргөнч ш-н өзүнө камтып, чыгышынан Сыр-Дарыянын төмөнкү алабы м-н Батыш Сибирге чейин со­зулган. Жучу өлгөндөн кийин (1227), бул жер­лер анын баласы Батыйга тийип (1227–56), ал Ж. у-нун чыныгы негиздөөчүсү болуп эсептелет. Батыйдын тушунда Ж. у. жаңы каратылган орус ж-а Чыгыш Европа жерлери аркылуу кеңейтил­ген. Кийин Ж. у. Ак (Батыш) ж-а Көк (Чы­гыш) ордолорго бөлүнгөн. Чынгызхандын ту­куму Алтынбешик деп эсептелгендиктен, ки­йинки тарыхый чыгармаларда Ак Ордо Алтын Ордо деп аталып калды.


Ад.: Греков Б. Д., Якубовский А. Ю. Золотая Орда и её падение. М.; Л., 1950; Вернадский Г. В. Монголы и Русь. М., 1997. Т. Жуманалиев.