ЖҮГӨРҮ БАСТЫРГЫЧ
ЖҮГӨРҮ БАСТЫРГЫЧ – жүгөрү данын сотосунан ажыратып, тазалоочу машина. Анын негизги тетиктери: рама, барабан, желдеткич, бөлүүчү бөрк, дан шнеги, жүрүүчү дөңгөлөк, мардек транспортёру ж-а калбырлуу такта. Жүгөрү сотосу кабылдоочтон майдалагыч чөмүчкө берилет, андан барабандын тиштерине келет. Сотолор барабанда бири-бирине сүрүлүп, даны ажырайт да, желдеткич аркылуу мардеги өзүнчө, даны өзүнчө бөлүнөт. Электр кыймылдаткычынан иштейт. КМШ өлкөлөрүндө МКП-3,0, БП-6М ж. б. маркадагы Ж. б-тар чыгарылат. Саатына 6 т жүгөрү данын бастырат.