ЖҮЗ ААРЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗ ААРЧЫ – тазалык максатында пайдала­нылуучу кол жоолук. Ж. а-лардын бети сайма­ланып, жээктери кооздолуп жасалган. Кыз-ке­линдердин саймачылыгы ж-а уздугу Ж. а. жа­соодон башталган. Ж. а. 30–40 см өлчөмүндөгү ак же түстүү жука кездемеден, жибектен жа­салган. Анын кырка четтери, бурчтары ар кыл сайма м-н көркөмдөлүп, жээктери тордолуп, ча­чыланып, кээде майда шуру, бермет бастыры­лып кооздолгон. Кыргыз кыз-келиндери өз ур­матын, сыйын, ал тургай сырдаштык сезимде­рин билдирген белек буюм катары жигиттерге тартуулаган. Ж. а. кээде дасторомол, кол жоо­лук, бет аарчы деп да аталат.