ЖҮЗҮМ
ЖҮЗҮМ (Vitis) – жүзүмдөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Көбүнчө жармашып же чырмашып өсөт. Негизинен жылуу ж-а мелүүн климаттуу аймактарда таралган. 70тей түрү белгилүү. Тамыры түптүү, сабагы жоон, кыска; бир жылдыгы ичке, узун (3–5 м). Жалбырагы жазы, сабагына кезектешип же тушташ жайгашат. Гүлү майда, бир же кош жыныстуу, шыпыргыдай топ гүлгө чогулган. Мөмөсү – ширелүү жемиш, ичинде 1–4 уругу бар; айрым сорттору (кишмиш) уруксуз болот. Шиңгилинин формасы ар түрдүү. Эгилме түрү көп өлкөдө өстүрүлөт.

Анын дүйнө жүзүндө 20 миңге жакын сорту белгилүү. Ж. бир, эки жылдык көчөтүнөн, калемчеден, кыйыштыруу, бутагын көмүү жолдору м-н көбөйтүлөт. Ал эми уругунан өстүрүү селекция ишинде пайдаланылат. Ж. жаңы ж-а тоңдурулган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Андан шарап, коньяк, шире, компот, мейиз, кыям, маринад, жем ж. б. жасалат. Мөмөсүндө 65–85% суу, 10–33% кант, 0,5–1,4% орг. к-та, 0,15–1,0,9% белок, 0,3–1,0% пектин, 0,3–0,5% минерал заттар, о. эле С, В1, В2 витаминдери, провитаминдер болот. Шарап ө. ж-нда калдыгынан этил спирти, уксус, жүзүм к-талары, уругунан май алынат. Жүзүм ж-а анын продукциясы дары катары колдонулат. Ж-дүн түшүмүнүн 80% кайра иштеп чыгарууга, 5%и как жасоого кетет, 15%и жаңы кезинде желет. Ж-дүн белгилүү сорттору: Ркацители, Рислинг, Шасла, Ак мускат, Карабурну, кишмиш. Кырг-нда мускаттуу мадлен, Пино, Иллранг, Кызыл тайфа, Ак бермет, Алтынай, Алиса ж. б. сорттору өстүрүлөт. Булар бышып жетилиши б-ча эрте, орто, кеч болуп бөлүнөт. Зыянкечтери: филлоксера, шиңгилчи көпөлөк, желечи кене, жүзүм курт сымагы ж. б. Илдеттери: мильу, оидиум, антракноз, бактериялуу рак.
Ад.: Энциклопедия виноградарство. В 3-х т. Кишинёв, 1986; Виноградарство. М., 1998. К. Тургунбаев.