ЖҮЗҮМЧҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮЗҮМЧҮЛҮК – 1) а. ч-нын жүзүм өстүрүү тар­магы. Анын өндүрүштүк төрт багыты бар: жү­зүмдү жаңы кезинде жерг. керектөөгө жумшоо, о. эле тышка чыгаруу ж-а сактоо өндүрүшү; ме­йиз өндүрүшүн сырьё м-н камсыз кылуу базасы катары кишмиш мейиз сортторун тигүү; шарап чыгаруучу ө. ж-дын сырьё базасы катары з-ддор­ду камсыз кылуу үчүн жүзүмдүн шараптык сорт­торун өстүрүү; консерва ө. ж-нын сырьёлук ба­засы катары шире, компот, кыям, маринад ж. б. чыгаруу үчүн сырьё өндүрүү. Ж. – а. ч-нын капи­талдык салымды ж-а эмгекти көп талап кылуу­чу ургаалдуу, абдан кирешелүү тармагы. Жүзүмдү башка өсүмдүк өстүрүүгө жараксыз таштак, аки­таштуу ж-а шордуу кыртышта, кумдак, тик беттерде өстүрүүгө болот. 2) Жүзүмдүн биол. өзгөчөлүгү ж-а өстүрүү ыкмалары ж-ндөгү илим.
Жалпы Ж. жүзүмдүн биологиясын, экономия­сын ж-а агротехникасын изилдейт. Айрым Ж. жүзүмдү түрдүү өндүрүштүк багытта, о. эле жы­лытылмаларда өстүрүү үчүн ар кандай топурак­климат шартына жараша агротех. ыкманы иштеп чыгат. Ампелография – жүзүм сорттору ж-а түрү ж-дөгү илим. Жүзүм селекциясы – жүзүмдүн жаңы сортторун чыгаруу ж-дөгү окуу. И зи л дө ө и шт ери т и е ше л үү И И И л е рде жүргүзүлөт. Ад-тын Жүзүм макаласынан кара.